Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча программага кол коюлду


Эрлан Абдылдаев менен Абдулазиз Камилов.
Эрлан Абдылдаев менен Абдулазиз Камилов.

Кыргызстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери кызматташтык боюнча 2016-2017-жылга программага кол койду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкенде жолукту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланды.

Абдылдаев Ташкенге Ислам кызматташтык уюмунун жыйынына катышуу үчүн барган.

Акыркы учурда кыргыз-өзбек кызматташтыгында жандануу байкалган. Бул мурунку президент Ислам Каримов каза болгон соң келген жаңы бийлик менен байланыштырылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG