Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди. Анын айтуусунда, Баш мыйзамга кардиналдуу өзгөртүүлөр зарыл болчу. Бирок мамлекеттин өнүгүүсү үчүн аз да болсо алдыга кадам деп эсептегени үчүн Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп жатканын Бабанов түшүндүрдү.
Бабанов жетектеген "Республика-Ата Журт" фракциясы Баш мыйзамды өзгөртүүнүн демилгечиси болуп чыккан.
Жогорку Кеңешке Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. Бир катар депутаттар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам бузуу менен жүрүп жатканын айтып жатышат. Бирок аны бийликчил партия өкүлдөрү четке кагууда.(BkA)