Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Пентагон: “Ислам мамлекети” тынч адамдарды калканч катары колдонууда


Мосул.
Мосул.

Бул тууралуу Пентагондун маалымат катчысы Жефф Дэвис 18-октябрда билдирди. “Биз алардын Мосулга чабуулду үзгүлтүккө учуратуу үчүн адамдарды калканч катары колдонуп жатканын анык билебиз”,- деди Дэвис.

“Бул бир нече жумадан бери уланууда. Тынч жарандар Мосулдан чыга албай, ал жерде өз эркинен сырткары жүрүшөт”,- деп айтты Жефф Девис.

Мосулда 1,5 миллиондой калк бар жана аларды “Ислам мамлекети” калканч катары колдонуш мүмкүндүгүн Эл аралык миграциялык уюм буга чейин эле эскерткен.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Мосул үчүн урушта химиялык курал колдонушу мүмкүн экендиги айтылууда. Кошмо Штаттар жоочулар тарабынан атылган ок-дарынын курамында химиялык заттын бар-жогун текшерүүдө. Жефф Дэвис Мосул үчүн күрөш “өтө ыплас” болорун билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG