Мындай билдирүүнү талиптердин маалымат кызматынын өкүлү Забиуллах Мужахид 19-октябрда таратты. 18-октябрда “Азаттыктын” ооган кызматына ооган өкмөтүнүн атын атагысы келбеген жогорку даражалуу кызматкери сентябрь айында Катарда талиптер менен эки ирет сүйлөшүү болгонун билдирген эле.
Ошол эле күнү Британиянын Гардиан гезити талиптер тараптан сүйлөшүүгө алардын мурунку лидери Молдо Мухаммад Омардын тууганы Молдо Абдул Манан Ахунд, өкмөт тараптан Ооганстандын атайын кызматынын башчысы Мухаммад Массум Станекзай катышканын маалымдаган эле.
Ооганстандын Толо телеканалы Катардагы жашыруун сүйлөшүүлөргө Ооганстандын Коопсуздук кеңешинин өкүлү Мухаммад Ханиф Атмардын да катышканын маалымдады. Забиуллах Мужахид талиптер сүйлөшүүнү баштоонун шартын өзгөртпөгөнүн, ал үчүн чет өлкөлүк аскерлер өлкөдөн чыгарылышы керектигин белгилеген. (AiT)