Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам экинчи окууда жактырылды


Жогорку Кеңеш жыйыны.
Жогорку Кеңеш жыйыны.

Жогорку Кеңеш депутаттары “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамы боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорду экинчи окууда жактырды. Бул мыйзам долбоорго жыйынга катышкан 104 депутаттын 88и “макул” деп добуш берип, 16 депутат каршы чыкты.

Бул мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда бир катар депутаттар Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жатканын айткан эле.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу парламенттеги беш фракциянын демилгеси аркылуу чыккан. Бирок акыркы редакциясына кол коюудан “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир бол” фракцияларынын лидерлери баш тартышкан. Алар муну мыйзам долбоору баштапкысынан өзгөртүлгөнү менен түшүндүрүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG