Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Иран сот ишине АКШнын кийлигишүүсүнө жол бербесин билдирди


Ата-бала Намазилер.
Ата-бала Намазилер.

Кошмо Штаттар Иран жана Америка жарандыгы бар 80 жаштагы Бакиер Намази жана анын уулу, ишкер Сиамак Намазини бошотууну талап кылган эле. Ал экөө Иран соту тарабынан 18-октябрда он жылдан кесилди. Аларга “тыңчылык жана АКШнын өкмөтү менен кызматташкан” деген айып коюлган.

Кошмо Штаттар аларды бошотуу талабы менен катар 80 жаштагы карыянын ден соолугуна тынчсыздануусун билдирген. Кош жарандуулугу бар Бакиер Намази ЮНИСЕФте кызмат кылган. Бул уюм дагы гуманитардык себептерге байланыштуу мурунку кызматкерин бошотууну өтүндү. Бирок Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Касеми АКШнын талабы кабыл алынбасын 19-октябрда билдирди.

Сиамак Намази 2015-жылы октябрь айында Тегеранга келгенде, атасы быйыл февралда кармалган.(AiT)

XS
SM
MD
LG