Бул тууралуу “Чыгыш электро” ишканасынын жетекчиси Бакыт Сыдыков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 18-октябрда жааган кардан улам Каракол шаарында электр жарыгы өчүп, аны оңдоп жаткан Каракол РЭСинин электромонтёрун, 39 жаштагы Жаныбек Деркембаевди ток уруп эс учун жоготкон. Ага жеринен биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Бирок Деркембаев ооруканада каза болуп калган.
«Чыгыш электро» ишканасынын жамааты каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө жардам катары 187 миң сом берди.
18-октябрда жааган кардан Каракол шаарында 15-20 пайыз электр жарыгы өчкөн. Учурда шаарга электр энергиясы толук бериле элек. (AsM)