Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:16

20-октябрга аба ырайы


19-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз -1…-6° суук болот.

20-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлерде жаан-чачын болот. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус жылыйт.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 2...7 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -1...3, күндүз 7...12 градус жылуу болот.

Баткен облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 6..11 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,

Нарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8 градус жылыйт.

20-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 3…5° суук, күндүз 4…6° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG