Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Үч адамды өлтүрүүгө айыпталган адам өмүр бою кесилди


Аламүдүн районунда үч адамдын өлүмүнө айыпталган адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды.

Ушул жылдын апрель айында Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринен үч адамдын сөөгү табылган. Алар бычактан киши колдуу болгону аныкталган. Кийинчерээк киши колдуу болгон үч аял тууган экени билинген.

Бул боюнча кылмыш иш козголуп, үч адамдын өлүмүнө шектүү катары 34 жаштагы Нарындын тургуну кармалган.

Ал каза болгон келиндер менен тааныш болгону, анын үйүнө келип чырдашып, мас абалда бир туугандарды бычактап салганы аныкталган.

Сот иштин оордугун эске алуу менен кылмышка шектүүнү бүгүн өмүр бою эркинен ажыратты.(BkA)

XS
SM
MD
LG