Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Баш мыйзамдын түп нускасы боюнча Фарид Ниязов түшүндүрмө берди


Кыргыз Республикасынын Конституциясы
Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын түп нускасы боюнча түшүндүрмө берди. Ниязовдун айтымында, Конституциянын түп нускасы болуп президент кол койгон нускасы эсептелет. Ал архивде сакталат.

Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституция кол коюуну талап кылган эмес. Ошондуктан Баш мыйзамдын түп нускасы катары өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган тексти саноого болорун Ниязов билдирди.

Ал азыркы Баш мыйзамдын акыркы текстине виза коюлбаганы үчүн гана ар кандай шектенүүлөр жаралып жатканын кошумчалады.

Бүгүн парламентте 2010-жылдагы Баш мыйзамдын түп нускасы табылбай жатканы айтылып, талаш жаралган. Анда президенттик аппараттын өкүлү Баш мыйзамдын түп нускасы кайда экени белгисиз экенин билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG