Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

БУУ ооган күчтөрү жөн-жай тургундардын өлүмүнө себепкер болуп жатканын билдирди


Ооганстан
Ооганстан

Уюмдун Ооганстандагы миссиясы 19-октябрда жарыялаган баяндамада быйылкы жылдын тогуз айында кармаштарда 2562 киши өлүп, 5835 адам жарадар болгону айтылган. Өткөн жылы да мына ушундай санга жакын курмандыктар болуп, акыркы мезгилдеги рекоррдук көрсөткүчтөр сакталып кала берүүдө.

Өкмөткө каршы күрөшкөн күчтөр жарандардын өлүмүнүн эң негизги себепкери экени, бирок өкмөттүк күчтөрдүн айынан курмандыктар 42% өскөнү айтылды. Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясынын башчысы Тадамиши Ямамато калк жыш жайгашкан жерлерде кармашууларда тынч жарандарга зыян келтирбеш үчүн бардык чаралар көрүлүш керектигин белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG