Аларга Анталиянын Мармарис аймагында "сойкулук кылган" деген айып тагылды. 11-октябрда Мармаристеги мейманкананы текшерүү маалында 21-22 жаштагы эки кыргызстандык кыз кармалганын түрк басылмалары жазып чыкты.
13-октябрда ошол эле райондогу мейманканадан беш кыргыз кыз-келин полиция колуна түшкөн. Кыздарды “жумуш таап берем” деп, алдоо жолу менен чакырып келип сойкулукка мажбурлаган конок үйүнүн кожойкеси менен кызматкери камакка алынган. Кыргызстандык кыз-келиндер болсо депортацияланган.
19-октябрда түрк полициясынын текшерүүсүндө Мармарис районундагы 50 бөлмөлүү мейманканадан эки кыргыз жараны сойкулук шеги менен кармалган. Полицияга берген көрсөтмөсүндө 34 жаштагы Н.А жана 23 жаштагы Ф.К. Мармариске турист болуп келишкенин, эркектер менен өз ыктыярлыгы менен чогуу болгонун айтышкан. Бул көрсөтмө түрк басылмаларында чоң талкуу жаратууда.
Айрым шылуундар Кыргызстандан кыз-келиндерди Түркияга жумушка чакырып, документтерин алып коюп, сойкулукка мажбурлаган учурлар буга чейин да катталган. (ElB;ZKo)