Кымбат баалуу Европанын космикалык аппараты кызыл планетага конуп, ал жерде жашоонун изин иликтейт. Скиапарелли деп аталган аппарат Европа космикалык агенттиги менен Орусиянын Роскосмосунун "ЭхзоМарс" доолбоорунун бир бөлүгү. Аппарат Марска 121 чакырым калганда автоматтык түрдө түрдө саатына 21 миң чакырым ылдамдык менен ылдыйлай баштайт. Германиянын Дармштад жергесинде жайгашкан башкаруу борбору аны конуу учурунда башкара албашы айтылууда. Эгерде баары жайында болсо аппарат батареядан кубаттанып, бир нече күн бою Марс тууралуу жерге маалыматтарды жөнөтө алат. Ал быйыл март айында Байкоңурдан учурулган. (AiT)