ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:41

“Атанын керээзи” тасмасын жаратуучулар АКШга виза алалбай жатышат

Фильмдин авторлору.
Фильмдин авторлору.

“Алтын глобус” сыйлыгына көрсөтүлгөн “Атанын керээзи” тасмасы Лос-Анжелесте 31-октябрда көрсөтүлмөк. Буга байланыштуу фильмдин режиссерлору Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу, башкы ролду ойногон Ыймангелди Мукул жана чыгармачыл топтун башка мүчөлөрү АКШ элчилигине виза сурап кайрылышкан. Элчилик аларга виза берүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу тасманын продюсери Ника Жолдошева маалымдады.

Анын айтуусунда, виза берүүдөн эмне себептен баш тартылганы тууралуу маалымат берилген эмес. Тасманын жаратуучулары бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен коомчулукка кайрылышкан соң, кыргыз өкмөтү виза маселесинде жардам берүүгө убада кылганы маалым болду.

Эл аралык Монреал киносынагында “Алтын карек” баш байгесин утуп алган “Атанын керээзи” көркөм тасмасы Кыргызстандын атынан Оскар сыйлыгына талапкер катары тизмеге киргизилген. Октябрь-ноябрь айларында ал Азия тасмаларынын Лос-Анжелес кинофестивалына катышмак. Ошондой эле КМШ мамлекеттеринин Минскиде өтө турган “Листопад” кинофестивалына катышат.

“Атанын керээзи” фильми - эмгек мигранттарынын тагдырын чагылдыруу аркылуу эл аралык деңгээлге чыккан дебют – тасма. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG