Форумду ЖИА Бизнес биримдиги уюштурууда. Алардын белгилешинче, быйыл жыл аягында өтчү форумда инвестчилерге рынокто ѳзүн кѳрсѳтѳ алган компанияларды эле эмес, келечектүү Start Up идея жана долбоорлор да сунушталат. Бишкек инвестициялык форумуна жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор катышат. BIF 2016 деп аталган форумга негизги ѳнѳктѳш ѳлкѳ – Индия. Бүгүн форумга Индиядан инвестчилер келет.
Ошондой эле иш-чарада Казакстан, Тажикстан, Ѳзбекстан баштаган коңшу ѳлкѳлѳрдүн бизнес ѳкүлдѳрү дүйнѳлүк жана аймактагы экономикалык кырдаалды, бизнес тренддерди, чакырык жана мүмкүнчүлүктѳрдү талкуулашат.
Форумда мындан тышкары чакан жана орто ишкерлик ѳкүлдѳрүнүн сунуштары да кабыл алынат.
Бишкек инвестициялык форуму алгачкы жолу Кыргызстанда өткөн жылы болгон. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, анда чакан жана орто ишкерликтен 220 бизнес долбоор чогулган. Анын ичинен эң мыкты делген 40 долбоор жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго сунушталган. Булардын ичинен бешѳѳ кыргызстандык ишкерлер арасынан ѳзүнѳ ѳнѳктѳш таап, бизнесине капитал тарта алды.
Өткөн жылкы форумдун жыйынтыгында 500 000 доллардык келишимдер түзүлдү. Ал эми болочок инвестчилердин кызыгуусу 1 200 000 доллардык салымга бааланган.(ZKo)