Бул тууралуу Сирия парламентинин төрайымы Хадия Аббас орусиялык Sputnik агенттигине курган маегинде билдирди. Ал Крым “элдик референдумдун натыйжасында кайра тарыхый башталышына кайтып келди”, деп билдирди.
2014-жылы Украинадагы саясий кризистин натыйжасында Крым бийлигин куралдуу кишилер басып алган. Кийинчерээк Путин алар Орусиянын аскерлери болгонун мойнуна алган. Эл аралык коомчулук Орусиянын аракетин баскынчылык катары баалап, Крымды аннексияланган аймак деп тааныйт.
Буга чейин Крымды Орусиянын бөлүгү катары Ооганстан, Венесуэла, Куба, Никарагуа жана Түндүк Корея тааныган.
Орусиянын куралдуу күчтөрү 2015-жылдын күзүнөн бери Сирияда президент Асаддын тарабында аскерий операцияларын жүргүзүүдө.