Бишкекте өткөн түнү сууктан үч адам тоңуп өлдү. Мындай маалыматты тез жардам кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, каза болгондор шаардагы үй-жайсыз адамдар болгон. Суук түшкөнүнө байланыштуу учурда Свердлов жана Октябрь райондорунда утурумдук баш калкалоочу жайлар ачылып, үй-жайсыз адамдарды кабыл ала баштады.
Мындан сырткары Бишкек мэриясына караштуу үй-жайсыздар үчүн ачылган “Коломто” жайы иштеп жатат.(BkA)