Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Алматыда дайынсыз кеткен кыргызстандык кыз изделүүдө


Алматыда дайынсыз кеткен 15 жаштагы кыргызстандык кызды издөө улантылууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сүймөнкул кызы Айпери аттуу кыздын туугандары Алматыда дайынсыз кеткени боюнча арыз менен кайрылган. Мунун негизинде Казакстандын укук коргоо органдары 12-октябрда издөө жарыялады. Полиция Айпери мекендештеринин бири менен батирде жашап жүрүшү мүмкүн деп болжолдоодо. Учурда издөө иштери уланууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG