Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:44

Көк-Жаңгактагы көмүр шахтасында эки адам ууланды


Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарындагы кароосуз шахтадан эки адам ууланып, ооруканага түштү. Шаар мэриясынан кабарлашкандай, 19-октябрда 30 жаштагы шаардын эки тургуну алгачкы ирет көмүр казууга киришип, газга ууланышкан. Аларга ошол аймакта жайгашкан куткаруучулар өз убагында жардам көрсөтүшкөн. Учурда ооруканага түшкөн эки жарандын абалы туруктуу.

Мындан беш жыл мурун ушул аймакта өз алдынча көмүр казып жатып беш адам ууланып каза тапкан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG