Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Чүй облусунун прокурору эки айга камалды


Пара талап кылууга шектелген Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбеков УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокурорго козголгон кылмыш ишти УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызмат тергеп жатат.

Сентябрдын аягында Коррупцияга каршы кызмат Чүй облустук прокуратурасында тинтүү өткөргөн. Анда облус прокурору менен бирге бир катар прокуратура кызматкерлери кылмышка шектелгени айтылган эле.(BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG