Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:24

Ирак жана күрт күчтөрү Мосулду карай жылууда


Мосулдан качкан жайкын тургундар. 18-октябрь, 2016-жыл.
Мосулдан качкан жайкын тургундар. 18-октябрь, 2016-жыл.

Күрт автономиясынын Пешмерга аскер күчтөрү бүгүн жарыялагандай, күрттөр “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин Мосулдун чыгыш жана түндүк ыптасындагы шаарлардан сүрүү үчүн жаңы чабуулга өтүштү.

Операция үч фронтто жүрүп жатат.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү Мосулду карай түштүк тараптан жылууда, армиянын атайын бөлүктөрү Барталла деген шаарчаны бошотууга киришти.

Ирак армиясынын генерал-майору Маан ал-Саадинин айтуусунда, аларга абадан АКШ баштаган коалициянын учактары колдоо көргөзүп, ага катар согушкерлердин турумдарына артиллериядан да сокку урулууда.

Ирак өкмөтү өлкөнүн экинчи ири шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен бошотуу операциясы башталганын ушул дүйшөмбүнүн таңында жарыялаган.

Мосул – Ирактын жихадчылар 2014-жылы жайында ээлеп алган шаарлар ичинен экстремисттердин колунда калгандардын эң акыркысы. (UE)

XS
SM
MD
LG