Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

АКШ Орусияны өзөктүк курал келишими боюнча жыйынга чакырды


CCCРдин лидери Михаил Горбачев жана АКШнын президенти Рональд Рейган Орто аралыктагы өзөктүк куралдар боюнча келишимге кол койгон учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.
CCCРдин лидери Михаил Горбачев жана АКШнын президенти Рональд Рейган Орто аралыктагы өзөктүк куралдар боюнча келишимге кол койгон учур. Вашингтон, 8-декабрь, 1987-жыл.

Атайын жыйын, АКШ тараптын пикиринде, Орусия куралды көзөмөлдөө боюнча "кансыз согуш" учурунда кол коюлган келишимди бузуп жатканына байланыштуу өтүүсү керек.

Атайын көзөмөл комиссиянын жакынкы убакка мерчемделген отурумунда негизги көңүл орто аралыктагы өзөктүк куралдар боюнча АКШ жана ал кездеги СССР ортосунда 1987-жылы кабыл алынган келишим шарттарынын сакталуусуна бурулат деп күтүлүүдө.

Ал келишим 450 чакырымдан 5500 чакырымга чейин уча алуучу жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды сыноого жана өндүрүүгө тыюу салмакчы.

Ошондой эле андай типтеги ракеталардын Европадан толугу менен алынышын камсыздап, муну текшерүүнүн кеңири механизмин жараткан.

Орусия жаңы ракеталык системаларды жасоо менен ал келишимдин шарттарын бузуп жатканын АКШ алгач эки жыл мурда айтып чыккан.

Москва мындай айыптарды четке кагып, кийинчерээк АКШнын ракетадан коргонуу системасынын элементтерин Европада орнотуу пландары иш жүзүндө ал келишимге каршы келерин билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG