Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Клинтон жана Трамп акыркы телетаймашта беттешти


Трамп жана Клинтон Невада университетиндеги телетаймаш учурунда. Лас Вегас, 19-октябрь, 2016-жыл.
Трамп жана Клинтон Невада университетиндеги телетаймаш учурунда. Лас Вегас, 19-октябрь, 2016-жыл.

Анда Орусия боюнча талаш АКШ президенттигине эки талапкер кызыл чеке кайым айтышкан бир нече маселенин бири болду.

Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтон АКШда саясий уюмдарды жана белгилүү адамдарды бутага алган хакерлик чабуулдар үчүн Орусияны айыптап, алардын президент Путиндин жеке өзүнүн “буйругу”менен жасалган иш катары мүнөздөдү.

Атаандашы Дональд Трампты Ак үйгө келсе Орусиянын “кол баласы” болот деп сындады.

Республикалык партиянын эгер президенттикке шайланса Москва менен мамилени оңдой тургандыгын айтып келе жаткан талапкери Трамп болсо, Орусия АКШнын шайлоосуна ага жардам берүү үчүн кийлигишүүгө аракеттенип жатат деген ырастоолорду четке какты.

Клинтонду иммиграция маселеси боюнча талкуудан качып, аны Орусияга бурууга умтулганы үчүн айыптады.

Ага катар Путин Клинтонду жана президент Барак Обаманыда урматтабайт деп билдирип, аларды “кадам сайын алдап кетип жатканына” көңүл бурду.

АКШдагы президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG