Быйыл Кыргызстанга жардам иретинде Орусиядан 30дан ашык бронетранспортер алып келинди. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Куралдуу күчтөрдүн Башкы Штабынын жетекчи орун басары Закир Тиленов билдирди. Анын айтуусунда, эл аралык кызматташуунун алкагында аскердик техникаларды жаңылоо аракети жүрүүдө. Анын алкагында Кытайдан жүздөн ашык даана аскер техникалары алынды.
Тиленов аскер техникасын жаңылоо боюнча иштер уланарын кошумчалады.
2012-жылы Орусия кыргыз аскерлерине жалпы суммасы 1 миллиард долларлык курал-жарак жана аскердик техника берери кабарланган. Ошондон бери Орусиядан кыргыз аскерлерине аскердик техника келүүдө. (BkA)