Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаев бул долбоордун ишке ашырылбай жатканын сынга алып, тезинен ишке ашыруу тапшырмасын берген. Ага бир жылдык убакыт берилди.
Жунушалиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча министр орун басары Алмаз Орозалиев жетектеген атайын жумушчу топ түзүлгөнүн жана берилген мөөнөт ичинде тапшырма аткарыларын убада кылды.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Грузияга сапары учурунда «Коопсуз шаар» долбоорун буга чейин үч министр ишке ашыра албаганын сынга алып, Кашкар Жунушалиевгe эскертүү берген.
Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылуучу «Коопсуз шаар» долбоору тууралуу бир нече жылдан бери айтылып келатат. Бирок бул долбоордун айланасында бир нече соттошуулар жүрүп, ишке ашпай калган.
Долбоор ишке ашырылса Бишкек калаасы баш болгон республиканын ири шаарларындагы жолдорго видео байкагычтар коюлмак.
Коңшу республикаларда мындай долбоор жакшы натыйжасын берүүдө.(BkA)