Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мыйзамсыз телефон тартып келаткан эки жүк ташуучу унааны кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жүк ташуучу унааларда таңгакталган iPhone 5 S, iPhone 6, HTC, Lenovo, Samsung үлгүсүндөгү телефондор болгон. Бул телефондор мыйзамсыз жол менен Кыргызстанга ташылып келген. Учурда “салык төлөөдөн качуу” беренеси боюнча кылмыш иш козголду.(BkA)