Мейманкана кайрадан аукционго коюлууда. Бул жолу соода 1-ноябрда болот. “Эркин-Тоо” басылмасына чыккан жарыяга ылайык, мейманкананын аукционго сунушталган баштапкы баасы мурункусунан 10% төмөндөтүлүп, 860 227 700 сомду түзүүдө.
“Ак кеме” мейманканасын сатуу боюнча алгачкы аукцион 11-октябрда өткөн, бирок каалоочулардын жоктугунан соода болгон эмес. Мейманкананын мурдагы баштапкы баасы 966, 8 млн сом болчу. (ZKo)