Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КСДПнын көпчүлүк коалициядан чыгуу чечимин өзүмбилемдик катары сыпаттады.
- КСДП коалициянын тагдыры боюнча маселени өз билгениндей чечип жатат. Кийинки коалициянын курамында ким болорун да алар эбак чечип коюшкан. Иса Өмүркулов коалициядан чыгуу себебин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы менен келишпестикке шылтады. Мен эскертип кетким келет, парламенттин ар бир депутаты өзү туура деп эсептегенин тандоого укуктуу – бул конституциялык норма. Башкача айтканда, пикирлердин ар кандай болушу - демократиянын жана парламентаризмдин өзөгүн түзөт. Оппозицияда калсак да, багытыбыздан тайбайбыз,- дейт Төрөбаев. Анын кагаз жүзүндөгү билдирүүсүн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын басма сөз кызматы таратты.
КСДП фракциясы коалициядан чыгары бүгүн маалымдалды. Социал-демократтардын башчысы муну “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары менен болуп жаткан пикир келишпөөчүлүктөр менен негиздеди.
“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттүн жана премьер-министрдин ишине баа бербей туруп КСДПнын коалициядан чыгып кеткени туура эместигин айтып, муну саясий кызыкчылыктан улам болгон чечим деп сыпаттады.