Кыргызстандык Талас Бегалиев Хорватияда самбо боюнча ардагерлер арасында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда алтын медал алды. Бул тууралуу Самбонун эл аралык федерациясынын расмий сайты кабарлайт.
Дүйнөлүк биринчилик 21-октябрда Пореч шаарында башталган, бүгүн жыйынтыкталат.
Бегалиев 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Финалда украиналык спортчуну утуп, дүйнө чемпиону болду.