Апта ичинде туруксуз аба ырайы сакталат, кар аралаш жамгыр жаайт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, унаа кыймылына түйшүк жаратат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
26-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Күндүз кээ бир жерлерде жаан жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым дыйканчылык райондоруна туман түшөт.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...-6,
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +1...+6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -14...-19 градус суук болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -4…-6°, күндүз -1…-3 градус суук болот.