Алар Албания, Лихтенштейн, Норвегия, Украина жана Черногория. Орусияга каршы санкциялар Москва Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн 2014-жылдын жайында киргизилген. Алар Орусия экономикасынын каржы жана энергетикалык тармактарына багытталып, ар алты ай сайын узартылып турат. Сентябрда Евробиримдик 146 орус жаранына жана орусиялык 37 компанияга санкцияларды 2017-жылдын 15-мартына чейин узартууну чечкен. Учурда Орусияга каршы АКШ тараптан киргизилген экономикалык чектөөлөр да күчүндө.