Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция тараганы тууралуу бүгүн парламент жыйынында расмий жарыяланды. Тийиштүү чечимди төрага Чыныбай Турсунбеков окуду.
Былтыр 2-ноябрда «Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталышта түзүлгөн коалиция 24-октябрда тараган. КСДП фракциясы андан чыгарын маалымдап, буга “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпөөчүлүктөр негиз болгонун билдирген.
Мурунку башкаруучу коалицияга КСДП, “Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары кирген. (SE)