Дүйнөлүк банк Doing Business боюнча чыгарган рейтингде Кыргызстан 75-орунда экени жарыяланды. Кыргызстандын туруму былтыркыга салыштырмалуу 8 тепкич ылдайлаган. Байкоо 189 мамлекет арасында жүргүзүлгөн.
Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан - 35, Кытай- 78, Өзбекстан - 87, Тажикстан - 128-орунда.
Doing Business рейтинги - мамлекеттердеги орто жана чакан ишкердикке түзүлгөн шарттарды баалайт. Дүйнөлүк банк ар кандай эл аралык уюмдар менен биргеликте 2002-жылдан тарта бул жаатта изилдөө жүргүзүп келет.
Быйыл рейтингдин алдыңкы үчтүгүндө –Жаңы Зеландия, Сингапур жана Дания. Акыркы тепкичтерде Ливия жана Эритрея.
АКШ - 8, Орусия – 40-орундарда. (SE)