“Таатан” базарындагы өрттөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-октябрда саат 19:00до Целиноград №26 көчөсүндө өрт чыкканы тууралуу кабар келип түшкөн. Тилсиз жоо каптаган аянт 350 квадрат метр жерди түзөт. Өрттү өчүрүү үчүн төрт машине тартылган.
"Таатан" базарында негизинен курулушка керектүү материалдар сатылат.(ST)