Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Республика-Ата Журт” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов менен коалиция куроо маселесин талкуулады. Бирок тараптар бир чечимге келе элек. Өмүркулов билдиргендей, коалиция түзүү тез арада ишке ашат.
-Коалициясы жок ар бир күн зыян. Мындай жагдайда өкмөт ылаң-салаң иштеп калат.
Жогорку Кеңеште жаңы башкаруучу коалиция түзүү милдетин президент шаршембиде КСДП фракциясына тапшырган. 17-ноябрга чейин бир чечим кабыл алынышы керек.
Мурдагы коалиция 24-октябрда тараган.
Божомолдор боюнча, жаңы коалицияга КСДП, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары кириши мүмкүн. “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир бол” оппозицияда калары айтылууда. (SE)