Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:04

Украинанын чыгышында зомбулук күчөдү


Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин ортосундагы кагылышуулардын айынан соңку апта ичинде кеминде алты адамдын өмүрү кыйылды. Расмийлердин белгилешинче, немис канцлери Ангела Меркел жана Франция президенти Франсуа Олланддын орус президенти Владимир Путин, украин лидери Петр Порошенко менен Берлинде жүргүзгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн он күн өтпөй зомбулук кайра күчөп жатат.

Жума күнү бир украин аскери жикчилердин огунан набыт кеткенин Киевдин аскерий өкүлү Андрей Лысенко билдирди.

Орусиянын ТАСС агенттиги эки жикчи каза тапканын, дагы тогузу жараат алганын кабарлады.

19-октябрда Берлинде өткөн жолугушуу Европадагы 1990-жылдардагы Балкан согушунан берки ири апаат - Украина кризисин чечүү жолдору боюнча мунасага келе алган эмес. Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган согуштун айынан соңку 2,5 жылда 9,600 адамдын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG