Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Пакистан полициясы демонстранттарга каршы күч колдонду


Пакистанда полиция өкмөткө каршы акцияга чыккан демонстранттарды желим союл жана көздөн жаш агызуучу газ менен кубалап таратты. Жума күнү борбор шаар Исламабаддан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Равалпинди шаарында оппозициялык лидер Имран Хандын тарапкерлери чогулуп, полицияга таш ыргыткан. Алар бийликтин Исламабадда жана Равалпиндиде нааразылык акцияларын уюштурууга тыюу салган чечимин айыптоодо.

Имран Хан бул чечим мыйзамсыз экенин айтып, сотко кайрыларын билдирди жана элди аны колдоого чакырды.

2-ноябрда пакистандык оппозиция ири митинг уюштурганы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG