Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Бишкектин Тез жардам кызматына жылуулук берилди


Бишкектин Тез жардам кызматы жайгашкан имаратта жылуулук калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн шаардын мэриясынан кабарлашты.

Кечээтен бери оңдоо иштери жүрүп, жалпысынан 50 метрлик куур жаңыланды.

Шаардыктарга ыкчам медициналык жардам көрсөткөн кызмат соңку бир аптадан бери оңдоо иштерине байланыштуу жылуулуксуз иштеп жаткан.

Ал эми Тез жардам кызматынын Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан жаңы имаратында жылуулук дале жок. Учурда мэрия ал жакта тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG