Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Баткенде ишкерлер бизнес-ассоциацияга биригүүдө


Баткенде аймактагы ишкерлер өндүргөн продукцияны сатуу, маркетинг жүргүзүү, көгөйлөрдү биргелешип чечүү максатында облустук ишкерлер ассоциациясы уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" «ЖИА» бизнес ассоциациясынан билдиришти.

Бирикменин аракети менен эми өндүргөн оокатты сатуу, чет элдик базарларга чыгуу, тоскоолдук жараткан укуктук эреже-жоболорду өзгөртүү жаатында жылыштар болот деген үмүт бар экени айтылууда.

Жаңы бирикмеге аймакта ишкердик жаатында алектенгендер мүчө болууда.

Облуста орто жана чакан ишкердик үчүн үч миңдей расмий катоодон өткөндөрдүн эки миңге жетпегени гана ишин улантып кете алышкан. Калгандары ар кандай себептер менен токтоп калган. (JsA)

XS
SM
MD
LG