Парламентте башкаруучу коалицияны куроо мандатын алган КСДП фракциясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Фракция лидери Иса Өмүркуловдун "Азаттыкка" билдиришинче, бүгүн эки фракция менен консультациялар өттү:
- Консультациялар жүрүп жатат. Азыр "Бир Болдун" лидери менен жолуктум. "Кыргызстан" фракциясынын жаңы лидери менен да жолуктук. Мындан тышкары эмки жумада бир топ депутаттар менен жолугабыз, кеңешебиз.
Былтыр 2-ноябрда Жогорку Кеңешке жаңы шайланып келген алты фракциянын төртөө: КСДП, «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Ата Мекен» «Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталыш менен түзгөн коалиция тараганы 24-октябрда белгилүү болду.
Кыргызстандын Конституциясы боюнча президенттен мандат алган фракция 15 күндүн ичинде башка фракциялар менен кеңешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы коалиция түзүүгө милдеттүү. (RK)