Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Мосулду террорчулардан тазалоо операциясына шийит козголоңчулары да катышууда


Иран колдогон шийит козголоңчулары Иракта, Мосул шаарынын батыш жагында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы жүрүш баштаганын кабарлоодо.

Бүгүн алар башка козголоңчулар менен бирге Тал-Афар шаарында кармашка катышууда. Бул шаарды террорчулар тобу эки жыл мурда басып алган.

Мосулду экстремисттерден тазалоо операциясы мындан эки жумадай мурун башталган.

АКШ аскерлеринин кол башчысы генерал Мэтью Ислер 28-октябрда билдиргендей, Ирак аскерлери Кошмо Штаттардын колдоосу менен операция башталгандан бери Мосулдун айланасындагы 40 чакты айыл-кыштакты радикалдардан кайтарууга жетишти. (RK)

XS
SM
MD
LG