Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Жети-Өгүздө ишкерлер жеке мектеп ачты


29-октябрь, 2016-жыл
29-октябрь, 2016-жыл

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында "Кут билим" окуу-тарбия комплекси ачылды.

250 орунга эсептелген мектепти ЖИА жаш ишкерлер ассоциациясы уюштуруп, мурдагы кесиптик лицейдин имаратында ачты. Быйыл 60 бала билим алып жатат.

Ага 7-классты аяктаган эркек балдар кабыл алынууда.

ЖИА ассоциациясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кыргыздын тарбиялык каада-салтын жайылтууга басым жасоого адистештирилген мектепти ачууга 13 миллион сом сарпталды. Келерки жылы Каракол шаарында кыздарды окута турган мектеп ачылганы жатат.

Учурда мындай окуу жайы Чүйдүн Байтик айылында иштеп жатат.

Билим министрлиги расмий лицензиясын берген.

Бүгүн окуу-тарбия комплексинин ачылышына өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев катышты. (AsM)

XS
SM
MD
LG