Нарын облусунун Жумгал районунда ири көлөмдө маңзат ташыган топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Нарын облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.
Анын айтуусунда, Өрнөк айылынан Жалал-Абад облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары келе жаткан "Субару-Форестер" үлгүсүндөгү автоунаадан 147 даана өңү кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар 2,5 килограммдык шектүү зат табылыган.
Факт боюнча соттук-химиялык экспертиза өткөрүлүп, ал маңзат экени аныкталган. Кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүүдө. (MiK)