Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Москва сталиндик террордун курмандыктарын эскерүүдө


Москвада кечээ жана бүгүн сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. "Ысымдардын кайтып келиши" деген аталыш менен уюштурулган акция Лубянская аянтында, мурдагы КГБ, азыр Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жайгашкан имараттын алдында өтүүдө. Ага катышкан активисттер сталиндик террор деп аталган жылдары өлтүрүлгөн адамдардын аты-жөнүн, аткарган кызматын тизмектеп окуп жатат.

Эскерүү акциясынын уюштуруучусу, "Мемориал" бейөкмөт уюмунун белгилешинче, 1974-жылы советтик диссидент жана саясий туткун Кронид Любарскийдин демилгеси менен 30-октябрь СССРдин саясий туткундарын эскерүү күнү деп жарыяланган.

1991-жылдын 18-октябрында Орусиянын Жогорку Кеңеши бул күндү мамлекеттик календарга киргизген.

Бул саяктуу иш-чара бүгүн Беларуста да өтүп жатат.

Сталиндик репрессиядан, өткөн кылымдын 30-жылдары, бир гана Москвада 40 миңдей адам атып өлтүрүлгөн. Ал эми жалпысынан, 12,5 миллион СССР жараны курмандык болгону айтылып келет.

Кыргызстан бул террордун курмандыктарын эскерүү күнүн 8-ноябрда белгилейт. Чүйдүн Чоң-Таш айылында "эл душманы" деп караланган 137 кыргызстандык 1938-жылы ноябрь айында атып өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG