Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы саммитин өткөрүү мөөнөтү азырынча белгисиз. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, кезек боюнча бул жолку саммитти кыргыз тарап быйылкы жылдын 4-кварталында өткөрүшү керек эле, бирок Кыргызстандын демилгеси менен аны кийинчерээк өткөрүү чечими кабыл алынды.
Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия кирген уюм 2009-жылы негизделген. Былтыр 5-саммит Астанада өткөн.
Уюмдун демилгеси менен Кыргызстанда алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн, Астанада Түрк академиясы ачылган, Бакуда Түрк маданиятынын фонду иштеп жатат. (RK)