Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны ноябрь айында көбөйө баштайт. Доктурлардын божомолу ушундай экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Эң көп катталгандар адаттагыдай эле январь-февраль айларына туш келет.
Учурда бул жугуштуу илдет менен ооруканага кайрылгандардын саны жылдагыдан бир аз төмөн деңгээлде болууда.
Министрлик сасык тумоого каршы жалпысынан 70 миң доза вакцина алып койгонун билдирди.
Бул вакцина эпидемиялык кырдаалды алдын алуу максатында алгач балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, карылар үйүндө жаткандар, тез жардам кызматкерлери, оорукана, төрөт үйлөрдүн, бейтапканалардын медициналык кызматкерлерине сайылат. (RK)