Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:45

Ак-Талаадагы митингчилер комиссия түздү


Ак-Талаада көмүргө байланыштуу митингге чыккандар комиссия түзүп, Турук көмүр кениндеги абал менен жеринен таанышууну чечти.

Алар "Сардар" ишканасы көмүр казбай калышына эмне себеп болгонун териштирет.

Нарындын Ак-Талаа районунда көмүргө байланыштуу кечээ башталган нааразылык акциясы бүгүн да уланды. Баетов айылынын борборунда 200 чамалуу адам чогулуп, бийликтен Турук көмүр кенин иштетүү укугун кайрадан "Кенч Строй" компаниясына берүүнү талап кылды. Себеби, чогулгандардын айтымында, "Сардар" деп аталган көмүр казуучу компаниянын айынан Ак-Талаа районундагы 2200дөй түтүндүн жарымынан көбү көмүрсүз калууда. Митингчилердин кабарлашынча, бул ишкана техниканын эскилигине жана жолдун начардыгына байланыштуу көмүр казып алууну токтотконун жарыялаган. Буга чейин аталган компания Ак-Талааны көмүр менен 100% камсыз кылып келген. Жергиликтүү тургундарга бир тоннасы 2,5 миң сомдон сатылчу. Эми алар Кара-Кече же башка жактан сатып ала турган болсо тоннасы 5 миң сомдон айланары айтылууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG