Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:44

“Өнүгүү-Прогресс” саясий абалды талкуулайт


"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын иш-чараларынан.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын иш-чараларынан.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы бүгүн Бишкекте бешинчи курултайын өткөрөт. Партиянын басма сөз кызматы билдиргендей, Опера-балет театрындагы жыйында аткарылган иштер боюнча баяндама жасалат. Ошондой эле партия мүчөлөрү азыркы коомдук-саясий абалды талкуулашат.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы былтыркы парламенттик шайлоодон кийин 13 мандат алган. Алгач бул фракцияга “бийликчил” катары мүнөздөмө берилип келсе, акыркы күндөрү оппозициячыл көз карашты карманууда. Буга Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн улам КСДП фракциясы менен пикир келишпөөчүлүктөр негиз болду. (SE)

XS
SM
MD
LG