Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Түркияда 10 миңдей адам кызматтан четтетилди


Стамбулдун көчөлөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Стамбулдун көчөлөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда ишемби күнү чыгарылган мөөнөтсүз декреттин алкагында 10 миңдей адам жумуштан четтетилди. Анкара билим, саламаттыкты сактоо жана юстиция тармагында иштегендер бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта деген негизде иштен алынганын түшүндүрдү.

Ушул эле документ менен 15тей маалымат каражаттары жабылды. Алардын көбү өлкөнүн түштүк-чыгышында, негизинен күрттөр байырлаган аймакта жайгашкан. Мамлекеттик “Анадолу” агенттигинин жазышынча, бул маалымат каражаттары тыюу салынган "Күрт жумушчу партиясын" пропагандалаганы үчүн жабылды.

16-июлга караган түнү Түркияда болгон төңкөрүш аракетинен соң 32 миңдей адам камалды. Жүз миңдей адам иштен четтетилди. Мындай катаал чаралар эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусун жаратты.

Расмий Анкара төңкөрүш аракетинин артында АКШда 1998-жылдан бери жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен турарын айтып келсе, Гүлен өзү бул айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG