Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Йемендеги аба соккулар 60тай адамдын өмүрүн алды


Йемендеги аба соккулардан ондогон адамдар мерт кетти.
Йемендеги аба соккулардан ондогон адамдар мерт кетти.

Сауд Арабия башында турган коалициянын Ходейда шаарындагы абакка жасалган аба соккуларынан кеминде 60 адам мерт кетти. Бул тууралуу Йемендин Тышкы иштер жана Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Улуттар Уюмунун Йемен боюнча координатору Жейми Макголдрик бул чабуулду “үрөй учуруучу” деп айыптады.

Ходейда калаасы 2014-жылдан бери хуси козголоңчуларынын карамагында.

Октябрь айынын башында Сауд Арабия баштаган коалиция Йеменде тажыя өтүп жаткан жерге сокку уруп, андан 200дөн ашык киши набыт болуп, 500дөн ашууну жараат алган.

2015-жылдын март айында Сауд Арабия башында турган араб мамлекеттеринин коалициясы өлкөнүн ошол кездеги президенти Али Абдал Салехти колдоп, мусулманчылыктын шиит агымын тутунган хуси козголоңчуларына каршы аба соккуларды баштаган.

XS
SM
MD
LG